• 87
  • 90.59
  • 0.86

Казакстанда «Нур Отан» партиясынын съезди алдында активисттер полицияга чакырылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Казакстандын бир нече шаарында активисттер полицияга чакырылып жатканы кабарланууда. Буга чейин бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов бийликтеги «Нур Отандын» съезди өтө турган 27-февралда жарандарды партиянын кеңселеринин алдына чогулууга чакырган.

Алматыда жашаган жарандык активист Халелхан Адильханов социалдык түйүндөргө бүгүн полицияга барып, сурак берип келгенин жазды. «Полициядан өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы жөнүндө суроолорду беришти. Андан соң кое беришти», — деп жазды ал. Бул боюнча Алматы шаардык полиция депортаментинен түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Жарандык активист Ринат Рафкаттын айтымында, Актау шаарында полицияга жарандык активист Нурияш Абдреимов, Жаңыөзөндө активист Серик Бактыбайулы чакырылган. Кийин алардын дагы кое берилгени белгилүү болду.

Ал ортодо өлкөнүн Жаңыөзөн шаарында жумушсуз жарандар иш менен камсыз кылуу талабы менен бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жатышат.

Буга чейин чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов жарандарды 27-февралда «Нур Отан» партиясынын кеңселеринин алдына чогулууга чакырган. Ал тарабынан түзүлгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы өлкөдө «экстремисттик» деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Казак соту 2017-жылы Аблязовду сыртынан 20 жылга, былтыр өмүр бою камакка алуу чечимин чыгарган.

Өткөн жумада өлкө президенти Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын алдыдагы съездинде «социалдык колдоо жана адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча» чараларды сунуштай турганын жана бул үчүн бюджет менен Улуттук фонддон көп каражат бөлүнөрүн айтан.

Пикир

Оставить комментарий