• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстан ИИМи: Ташкентте 11 террорист кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 30-июнда эл аралык «Тавхид ва жиход катибаси» террордук уюмунун 11 мүчөсү кармалганын билдирди.

Өлкөнүн Жогорку Сотунун 2016-жылдагы токтому менен «Тавхид ва жиход катибаси» өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген.

Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Алмазар жана Шайхантахур районундагы 8 үйдө тинтүү жүрүп, 11 адам кармалган.

23-июнда да ушул эле уюмдун мүчөлөрү колго түшкөнү кабарланган.

Анда 25 үйдө тинтүү жүрүп, Ташкент шаары менен Ташкент облусунда 25 киши ички иштер органдарына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий