Казакстанда россиялык беш ЖОЖдун филиалын ачуу пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Казакстандын Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүүнүн жана илимдин сапатын камсыз кылуу комитетинин төрайымы Гулзат Кобенова жакынкы бир нече жылдын ичинде өлкөдө Россиянын беш жогорку окуу жайынын (ЖОЖ) филиалын ачуу пландалып жатканын билдирди.

"Азыр орус тарап менен макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатат. 2025-жылга карата Россиянын беш ЖОЖунун филиалы ачылат деп айта алам", — деди Кобенова.

Ал орус университеттеринин көбү дүйнөдөгү эң абройлуу 100 окуу жайдын рейтигине кирбегени тууралуу суроого жооп берип, журналисттерге "атайын адистиктер боюнча предметтик рейтингдерди" кароону сунуштады. "Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети, Бауман атындагы Москва техникалык университети же Новосибирск мамлекеттик университетинде кадрларды даярдоо боюнча калыптанып калган өздөрүнүн салты бар экенинен эч ким күмөн санабаса керек деп ойлойм", — деди Кобенова.

Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин рейтингинде Россиянын бир гана жогорку окуу жайы бар — ал Москва гуманитардык университети. Новосибирск мамлекеттик университети 246чы, Москва мамлекеттик техникалык университети 281чи, Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети 319-орунга жайгашкан.

28-январда мамлекеттик "Болашак" программасы боюнча казак студенттери жөнөтүлө турган чет өлкөлүк окуу жайлардын тизмесине Орусиянын беш университети кошулганы белгилүү болгон. Алар: Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, Москва улуттук өзөктүк изилдөөлөр университети, Москва мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети жана Москва физика-техникалык институту.

Пикир

Оставить комментарий