• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Казакстанда соттолгондорду анонимдүү түрдө суракка алуу практикасы киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Казакстанда соттолгондорду анонимдүү түрдө суракка алуу практикасы киргизилди. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов кыйноолорду алдын алуу боюнча прокуратура катаал позицияны кармануу максатында соттолгондорду анонимдүү түрдө суракка алуу практикасы киргизилгендигин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө нөөмөттө турган прокурорлор күн сайын мекемелерди кыдырып, күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындан сырткары, соттолгондорду анонимдүү суракка алуу практикасы дагы киргизилди. Жаза аткаруу системасынын бардык 78 мекемесинде үзгүлтүксүз видеокөзөмөл орнотулган. Прокурорлор аралыктан 40 миң видеокамеранын жардамы менен көзөмөлдөп турушат. Ошондой эле электрондук кайрылуу терминалдарынын саны эки эсеге көбөйдү. Алар ашканаларга жана отряддарга орнотулган. Алардын 612си Жаза аткаруу системасынын мекемелеринде орнотулган. Бул иш-аракеттерибиздин натыйжасы жакшы жыйынтык берүүдө. Быйыл мекемелерде кыйноо фактыларын каттоо бир топ кыскарды",-деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура 2024-жылдын биринчи жарымында кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны 31%га кыскарганын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Казакстанга 325 млрд теңгеге жакын мүлктөр кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий