Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон 819 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу 22-январдагы брифингде өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчи орун басары Елдос Килымжанов билдирди.
Анын айтымында, 45 иш "террордук актылар" боюнча тергелип жатса (өлкө бийлиги буга чейин "эл аралык террористтик топтордун кол салуулары" болгонун билдирген), 36 иш "массалык башаламандык", 15и адам өлтүрүү боюнча тергелүүдө. Мындан тышкары, каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча да кылмыш иштери ачылган.
Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иштерине шектелип жалпысынан 970 киши кармалган. Алардын көпчүлүгү — 464ү "терроризм" жана "массалык башаламандык" беренелери боюнча, 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40ка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган. Килымжанов бул сандар акыркы көрсөткүч эмес экенин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын кошумчалады.
Соттор камактагы 29 адамга карата камакта калтыруу баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты. Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин "камакка негиз жок болгондуктан" 96 адам убактылуу кармоочу жайлардан чыгарылган.
"22-январда Башкы прокуратура тергөө абагына киргизилгендердин арасында денесинен жаракат алган 73 адам табылганын кабарлады. Алардын ичинен үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү, азыр алар камакта эмес", - деди Килымжанов.
Пикир
Оставить комментарий