• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Казакстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз мушкерлери байгелүү орундарды ээледи

Спорт 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Казакстандын Түркстан шаарында WBC ATAEUR TURKSOY эл аралык турнири өттү. Мелдеште 2008-2009-жылы туулган балдар күч сынашты.

Эл аралык турнирге Кыргызстандын машыктыруучуларынан жана мушкерлеринен турган команда катышты. Спорттук иш-чарада кыргыз мушкери Мухамедкадыр Абдуманапов 70 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Ошондой эле, ага WBC ATAEUR TURKSOY куру жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Ал эми абсолюттук салмакта 2-орунга ээ болгон Исламбек Гуламединовго күмүш медаль жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Бокс боюнча WBC ATAEUR TURKSOY эл аралык турнири ТҮРКСОЙ уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. Турнир достук, маданий жана спорттук байланыштарды чыңдоо, түрк мурастарын өнүктүрүү, процессионалдык боксту популяризациялоо, спортчулардын чеберчилигин жана спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий