Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Актаудагы учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок, анын учурдагы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Дарыгерлер уруксаат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда. Ал эми калган эки жараныбыздын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылышат", - деп жазды ал.
Ал белгилегендей, бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарыбызга өзгөчө көңүл буруу жөнүндөгү тапшырмасынын аткарылышы боюнча мамлекет башчысына маалымат берүү учурунда билдирген.
Пикир
Оставить комментарий