• 87
  • 90.64
  • 0.85

Казакстандагы элчи Дюшекеев Ноорузга арналган майрамдык иш-чараларга катышты

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Ушул жылдын 20-21-мартында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы Казакстан элинин ассамблеясы жана Эл аралык Түрк академиясы тарабынан уюштурулган Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чараларга катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, жогорудагы иш-чараларда борбор калаанын этно-маданий бирикмелеринин экспозициясы уюштурулуп, анда этностордун маданияты, каада-салты, улуттук тамак-аштары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Майрамдык программа концерттик программа менен коштолуп, этномаданий борборлордун профессионалдык жана көркөм чыгармачылык топторунун өнөрлөрү тартууланды. Колдонмо искусство боюнча мастер-класстар өтүп, анда мончок токуу, сайма саюу боюнча чеберчиликтер көрсөтүлдү.

Ошондой эле Эл аралык Түрк академиясы тарабынан орнотулган боз үйдө элчилик тарабынан Нооруз майрамына карата даярдалган кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды.

Иш-чарага Эл аралык Түрк академиясынын, Нур-Султан шаарынын акиматынын өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын элчилери, Казакстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, Казакстан элинин ассамблеясынын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, жаштар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, борбордун тургундары жана коноктору катышты.

Пикир

Оставить комментарий