• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 626 миң даана жумуртка артка кайтарылды

Экономика 0


Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 626 миң даана жумуртка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракет Ветеринария кызматынын "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы номер 293 токтому менен өлкө аймагына тоок жумурткасын импорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Буга байланыштуу инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий