• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды

Экономика 0


Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

"Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда уйдун майынан ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

"Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий