Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Казакстандыктар Ысык-Көлгө эми учак менен келе алышат, - деп билдирет “Казинформ”. Бул тууралуу маалыматты “Манас” ААКсы тараткан.
2-июлда Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту биринчи каттамды кабыл алган. Алматалык 51 турист Кыргызстандын башкы эс алуучу жайына келгендердин алгачкылары болушкан. Аларды аэропорттун кызматкерлери салтанаттуу түрдө жылуу тосуп алышкан.
Пикир
Оставить комментарий