• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу алып кетет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу мекенине алып кетет. Бул тууралуу Өзбекстандын Киевдеги элчилиги билдирди.

«Польшанын тиешелүү ведомстволору Польшанын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан жарандарынын визасыз өтүшүнө макул болушту», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан жарандары жанына паспорт жана башка документтерин алып жүрүшү керек.

Элчилик тизме түзүүдө аялдарга, балдарга, студенттерге жана улгайган кишилерге артыкчылык берилерин эскертти.

24-февралда Украинада 4300дөй өзбекстандык жаран бар экенин айтылган. Алардын тизмеси дагы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий