• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Казакстандын Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы ачылды

Билим 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде Ош мамлекеттик университетинин филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ОшМУнун филиалын Евразия улуттук университетинде ачуунун максаты - жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (ангилис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо болуп саналат.

Ал эми филиалдын арты менен келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алышат.

Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегция иш сапардын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Сыдыков, проректорлор менен жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жаңы баскычка көтөрүүнү талкуулашты. Ошондой эле университеттин материалдык техникалык базасы менен таанышып, ЕНУда окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушту.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий