• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Россияга сүт азыктарын экспорттоого тыюу салуу. Айыл чарба министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Экономика 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Россельхознадзор менен Кыргызстандан сүт азыктарын импорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КР айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, бул чечим 20-апрелде Россельхознадзор тарабынан кабыл алынган.

"Азыркы учурда чектөөнү алып салуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Бүгүн айыл чарба министринин орун басары менен Россельхознадзордун жетекчисинин ортосунда кыргыз элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр болот. Жалпысынан Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарынын 73% Казакстанга, 19% Россияга, калганы Өзбекстанга экспорттолот", - деди Алишеров.

Пикир

Оставить комментарий