• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бийбосунов менен Финляндиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Финляндиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Весы Хаккинен менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Адылбек Бийбосунов ЕККУ маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары министрликтин коом менен милициянын өз ара мамилелеринин өнөктөштүк моделин түзүүгө жана республиканын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн реформалоого багытталган ишмердигине баа жеткис салым кошуп жатканын белгиледи.

Көп жылдар бою ИИМ жана ЕККУ өнөктөштүктө татаал маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу жана жемиштүү иштерди жүргүзүп жана белгиленген иш-мерчемдерди татыктуу ишке ашырып келишкендиги тууралуу маалымдады.

Тараптар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын талкуулашты, эки тарап тең эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалашты.

Өз кезегинде Весы Хаккинен жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн ар тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий