• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Казакстандын ИДПсы быйыл жети айда үч пайызга төмөндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Казакстандын улуттук экономика министри Руслан Даленов 2020-жылдын жети айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн көрсөткүчү боюнча маалымат берди.

«Товар өндүрүү 2,1 пайызга өсүп, кызмат көрсөтүү 6,2 пайызга кыскарды. Натыйжада ички дүң өнүм 2,9 пайызга азайды», – деди Даленов.

Анын айтымында, инфляция 7,1 пайызды түздү.

Курулуш, кайра иштетүү өндүрүшүндө жана айыл чарбада көрсөткүчтөр жогору. Карантин чараларына байланыштуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатууда, административдик кызмат көрсөтүүдө жана соодада төмөндөө байкалууда. Быйыл июнь-август айларында тышкы соода жүгүртүү 42,5 миллиард долларды, экспорт көлөмү – 26 миллиард долларды, импорт – 16,5 миллиард доллары түздү.

Бир ай мурун казак бийлиги жыл башынан бери өлкө экономикасы 1,8 пайызга төмөндөгөнүн, кызмат көрсөтүү тармагы 5,6 пайызга кыскарганын айткан. Бийлик жыл соңуна чейин инфляция 11 пайызга чейин жетиши ыктымал экенин болжолдоодо.

Пикир

Оставить комментарий