• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында унаалардын топтолушунун себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Азыркы учурда казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында Алматы облусундагы "Кеген" өткөрүү бекетинде унаа тыгыны байкалууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, тыгын чек ара аймагында жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

"Башка чек ара пункттары штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай чектөө киргизилген жок. Абалды эске алып, мүмкүн болсо жол каттамын өзгөртүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий