Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМдин билдиришти.
Казакстандын ТИМ башчысы кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет. Визит 2024-жылдын 28-30-январына белгиленген.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Пикир
Оставить комментарий