• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Келечек конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү текшерилди

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов Келечек конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда аким учурда бала бакчада ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүрүп жаткандыгына күбө болду.

Жыйынтыгында район башчысы имараттын жылуулук изоляциясын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Келечек конушунда курулуп жаткан бала бакча 100 орунга ылайыкталган. Бир кабаттуу имараттын жалпы аянты 1314,14 чарчы метрди, ал эми участоктун аянты 0,44 гектарды түзөт.

Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуу бөлмөсү, медициналык, жетекчинин кабинети, музыкалык жана спортзал, методисттин кабинети, ошондой эле кызматтык жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Пикир

Оставить комментарий