Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда 28-31-март күндөрү жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму өтөт. Таланттуу жаштардын чыгармачылыгын колдоо жана жаш кинематографтарды кесиптик жактан өстүрүүгө көмөктөшүүнү максат кылган иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда жылда өткөрүлүп келет.
Үч күндүк иш-чаранын программасында – фильмдер, лекциялар, мастер-класстар жана эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси болот.
Быйылкы форум Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссер-документалист Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат жана «Келечек урпактарга сүйүү менен» деген чакырык алдында өтөт. Программада – кыска метрдеги тасмалар, фильм-лауреаттар жана дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучуларын, кино долбоорлордун кыска бет ачарларын көрсөтүү, мастер-класстар, кино таануучулардын лекциялары каралган. Ошондой эле аянтчада эл аралык кинофестивалдардын ярмаркасы ачылат, анда КМШ өлкөлөрүнүн продюсерлери жана программалык директорлору өздөрүнүн иш-чаралары жана катышуу шарттары жөнүндө айтып беришет.
Жылда өтүүчү форум «Ала-Тоо» кинотеатрында режиссер Алиман Токтогулованын «Келечек урпактар» жана режиссер Бекеш Абдылдаевдин «Бакча» аттуу
кыска метрдеги фильмдерин көрсөтүү менен ачылат.
«Фильмдерди көрсөтүү быйыл талкуу форматында өтөт, анда катышуучулар Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыӊкы кино адистеринин эксперттик пикирлерин, сунуштарын жана кеӊештерин угат. Мындан тышкары, форум убагында питчингдер өткөрүлөт, алардын жыйынтыгы боюнча жаш режиссерлордо өз долбоорлорун жарым-жартылай каржылоо үчүн финансылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Андан кийин албетте форумдун конокторун жана катышуучуларын белгилүү кино чеберлеринин кызыктуу мастер-класстары жана «А» класстагы дүйнөлүк абройлуу кинофестивалдардын катышуучу-фильмдеринин салттуу атайын көрсөтүүлөрү күтөт. Иш-чаранын программасы абдан кызыктуу жана окуяларга бай болот», - деп фестивалдын программалык директору, кино таануучу Гульбара Төлөмүшова белгиледи.
Форумдун жыйынтыктоочу күнү, 31-мартта, Ч.Айтматов атындагы Кино үйүнүн кинозалында кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин эскерүү кечеси өтөт. Салтанаттуу жабылуу аземи «Ололо-Юрт» чоӊ залында болот, анда XI эл аралык форумдун катышуучуларына дипломдор жана сертификаттар тапшырылат.
Пикир
Оставить комментарий