• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баш байге 1 млн сом. “Айтыш төр” долбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бишкекте акындардын башын бириктирген “Айтыш төр” долбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

УТРКнын концерттик студиясында өткөн салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Аалтынбек Максутов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев катышты.

Төкмө акындардын республикалык долбоорунун сыйлуу коноктору КР Эл артисттери Ж. Алыбаев, З.Үсөнбаев, С.Токтакунова, К.Сартпаева болду.

Долбоордун баш байгесин Акматбек Султан уулу илип кетти, ага 1 млн сом тапшырылды.

1-орун — Кубат Тукешов (500 миң сом)

2-орун — Арген Биймырза уулу (350 миң сом)

3-орун — Чыңгызхан Кожошов (250 миң сом).

Долбоордун экинчи айлампасына чейин жеткен сегиз акынга 100 миң сомдон тапшырылды.

Теледолбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып, Улуттук биринчи канал менен Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий