30 жыл күткөн окуя. Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушуна старт берилди. Расмий иш-чарага трансчек аралык транспорттук жана инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз катышкан үч мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Президент Садыр Жапаров курулушка старт берип жатып, башталган иш жана андан кийин темир жолдун ишке кириши Кыргызстандын экономикалык өсүшүн тездетип, республиканын Евразиядагы маанилүү транзиттик хаб катары позициясын бекемдей турганын баса белгиледи.
"Мен биздин өнөктөштөрүбүзгө - Кытай Эл Республикасына жана Өзбекстанга бул долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн бир бутагы болуп, түштүк-чыгыш, батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларына жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аймактагы мамлекеттердин максаттарына жооп берет", - деди Садыр Жапаров.
Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев Евразиянын борбордук бөлүгүндө транспорттук байланышты жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүп жаткандыгынын маанилүүлүгүн жана бул табигый түрдө жүк ташуунун баасын төмөндөтүп, мамлекеттер аралык сооданы жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга түрткү берерин белгилейт.
"Долбоордун биздин өлкөбүз үчүн келечегине токтоло турган болсок, жакында өткөн III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров жаңы темир жол Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык көпүрө болуп, Кыргызстанда соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын абдан мүнөздүү жана кыска белгилеген. Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөбүздү жана бүтүндөй Борбор Азия аймагын транспорттук туюктуктан чыгарууда негизги ролду ойнойт жана бүткүл дүйнөнү тарыхта жоголгон Улуу Жибек жолун калыбына келтирүүгө карай олуттуу илгерилетет, анткени ал темир жол аркылуу Батыш Европа менен Түштүк-Чыгыш Азияны арзаныраак жана натыйжалуу байланыштырат", - деп баса белгиледи Нурбек Элебаев.
Улуу Жибек жолунун кайра жаралышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн толук масштабдуу жана көп баскычтуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Негизи Евразия үчүн жаңы транспорттук базаны куруу жөнүндө сөз болуп жатат. Континентте чыгыш менен батыштын, түндүк менен түштүктүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн түзө турган автожолдордун жана темир жолдордун тармагы түзүлүүдө. Бул контекстте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан автожолу өзгөчө роль ойнойт, бул жолдун узундугу 500 километрге жакын бөлүгү Европа менен Түштүк-Чыгыш Азиянын негизги транспорттук системаларын эң кыска аралыкта байланыштырат.
Маршруттун башка варианттары алда канча узунураак, мисалы, Кытайдан Евробиримдикке, ошондой эле карама-каршы багытта жүктөрдү жеткирүүдө бул каттам бир жумага жакын убакытты үнөмдөйт. Бул Кыргызстанга атаандаштык артыкчылык берет, мындан тышкары, биздин өлкөнүн бир жагынан, Кытай аркылуу Азия өлкөлөрүнө, экинчи жагынан, Кавказга, Перс булуңундагы портторго жана Европа өлкөлөрүнө түз чыгуусуна жол ачылат. Мындай логистика континентте чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташуу үчүн эң ыңгайлуу жана эң ылдам жол болот.
Коомдук жана саясий ишмер, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов флагмандык долбоорду ишке ашыруу аймакта күтүлүп жаткан чоң өзгөрүүлөрдүн жана кайра жаралуулардын башталышы гана экендигин белгилейт.
"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы - бул олуттуу эл аралык масштабдагы чоң окуя. Биздин өлкөнүн келечеги абдан кенен, Борбор Азиядагы геоэкономикалык ландшафт өзгөрүүдө. Мунун аркасында биз транспорттук туюктуктан чыгып, дүйнөлүк сооданын жаңыдан курулган логистикалык чынжырларынын маанилүү звеносуна айлануудабыз. Бул глобалдык туруксуздукту эске алганда өзгөчө маанилүү.
Экономикалык өнүгүүнүн жаңы күчү жана борборлору пайда болууда, бул Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, аны биз элибиздин жыргалчылыгы үчүн колдонушубуз керек, өлкөнүн саясий жетекчилиги аны ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
Бул долбоордун аркасында биз транзиттик өлкө катары экономикабызды гана чыңдап тим болбостон, эл аралык аренадагы статусубузду да көтөрөбүз. Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маанилүү көпүрөгө айланып баратат, биз Россия менен Кытайдын ортосундагы, ошондой эле Евробиримдик менен Азия-Тынч океан аймагынын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө олуттуу салым кошобуз. Биз ири континенттеги ондогон мамлекеттердин ортосунда жүк ташуулардын олуттуу көлөмү өтө турган маанилүү звеного айлануудабыз", - деп белгилейт Аликбек Жекшенкулов.
Кыргызстандагы иштердин көлөмүнө токтолсок. Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Анжиян 486 чакырымдык жолдун 280 чакырымы биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт. Тоолуу рельефтин татаалдыгына байланыштуу 50 километрден ашык туннелдерди бургулоо жана ондогон эстакадаларды куруу керек болот. Долбоор татаал, капиталды көп талап кылат жана ошол эле учурда өнүгүүнүн жана кызматташуунун ушундай олуттуу горизонтторун ачат, бул айыл чарбасынан баштап өнөр жай өндүрүшүнө чейинки башка тармактарда дагы ондогон жылдар бою көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
Кирилл Степанюк, "Кабар" МАБ
Пикир
Оставить комментарий