• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек шаардык мэриясы балансына 13 жер тилкесин кайтарды

Коом 0

Бикек, 6–июнь /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы өзүнүн балансына 13 жер тилкесин кайтаргандыгы боюнча мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, мэриянын Ленин райондук администрациясынын токтомуна ылайык, 2005-жылдын 12-сентябрында жана 3-мартындагы №266, №57 буйруктары менен “Ак-Өргө” жаңы конушунда жеке жактарга үй курууга мыйзамсыз жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын протоколуна ылайык, аталган жер тилкелери мыйзамсыз берилгенине байланыштуу, аларды жарым-жартылай мэриянын балансына кайтаруу чечими чыккан.

Натыйжада, мэриянын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Ленин райондук прокуратура менен биргеликте, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде , “Ак-Өргө” жаңы конушунда 13 жер тилкеси кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий