• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто алыш күрөшү боюнча аялдар арасындагы таймаш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 6–июнь /Кабар/. Алыш күрөшү боюнча аялдардын арасында Гран-при сериясында эл аралык таймаш ушул жылдын 27-29-июнга чейин Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курманжан Датканын элесине арналган таймашта айымдар 6 категорияда күч сынашат. 55 кг, 60 кг, 65 кг,70 кг,75 кг жана 75 кг дан жогору. Аталган мелдешке катышууга чет өлкөлүк спорттун чеберлери да чакыруу алган. Ал эми Курманжан Датканын элесине арналган таймашты жогорку деңгээлде өткөрүүгө 1 миллион 21 миң сом бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий