• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу болбойт.

Суу "Мурас-Ордо", "Калыс-Ордо" суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий