Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Келерки аптада Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата кино кербени өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Иш-чара 20-21-февраль күндөрү Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп өтөт.
Анын алкагында Геннадий Базаровдун – Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган – "Саманчынын жолу" тасмасы жана Дамир Салимовдун (Өзбекстан) "Ленинграддык балдарым" ("Ленинградцы, дети мои") тасмасы көрсөтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий