Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Келерки жылы Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программа боюнча курулган көп кабаттуу 5 турак үй пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын 7 аймагында учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ипотекалык жана үлүштүк курулуш программасы боюнча көп батирлүү турак-жайлар курулуп жатат.
Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаар куруу тармагындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү №6 дарегиндеги 12 кабаттуу, Т.Турсунбаева №28 дарегиндеги 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен жеринде таанышып чыкты.
Мэрдин орун басары ар бир курулуш объектисинде Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, келерки жылга карата муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк ипотека шартында көп кабаттуу 5 үйдү пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинен Көкүм-Бий жана Краснофлотская көчөлөрүндө курулуп жаткан көп кабаттуу 2 үй муниципалдык ипотекалык, Тилеке-Баатыр, Набережная жана Ашимахунов көчөлөрүндө салынып жаткан көп кабаттуу 3 үй үлүштүк программа боюнча пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий