• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) коомдук угууга коюлду. Долбоор Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кезектеги коомдук уктуруунун алкагында аталган долбоор боюнча маалымат берилип, суроо-жооптор орун алып, шаар тургундары тарабынан бир катар сунуштар айтылды.

Соңунда коомдук угууга коюлган долбоорду жактыруу жана бекитүү үчүн Ош шаардык кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин деталдык пландоо долбоору 2-ирет коомдук угууга коюлуп, Ош шаарынын коомчулугуна жеткирүү максатында 2023-жылдын 10-февралынан баштап, 10-апрелине чейин өткөрүлгөн коомдук талкууга 2-айлык мөөнөт менен коюлган.

Ош шаарынын 7 муниципалдык-аймактык башкармалыктарында элдерге деталдык пландоо долбоору боюнча түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүп, бир топ сунуштар келип түшкөн.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев, долбоордун авторлору, Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жетекчилери, шаар тургундары катышты

Пикир

Оставить комментарий