• 87
  • 90.59
  • 0.86

Келерки жылы социалдык келишим аркылуу 20 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт – Сабиров

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Келерки жылы социалдык келишим аркылуу 20 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын пикиринде, үч жылдан бери “Социалдык келишим” долбоору алкагында дээрлик 35 миңден ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилип, бул үчүн 3,3 млрд сом акча каражаты бөлүндү.

“Ишке ашып жаткан ар бир долбоордун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы ыкмаларды киргиздик. Быйыл долбоордун катышуучуларына 200 миң сом өлчөмүндө 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берилип баштады. 1-декабрга карата 71 үй-бүлө каражат алды. Бул киргизилген жаңы ыкма долбоорго катышкан үй-бүлөлөргө бирди эки, экини үч кылып бутка туруп кетишине жакшы жардам болот деген чоң ишеним бар. Айыл жергесинде мамлекет тарабынан жардамга муктаж, ошол эле учурда эмгек потенциалы бар үй-бүлөлөргө социалдык келишим аркылуу жардам көрсөтүлөт. Эмки жылы 20 миң үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтөлү деп пландадык”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий