• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министри Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин күтүүсүздөн текшерди

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президенттин социалдык мекемелерде тамак-ашты каржылоону көбөйтүү тууралуу жарлыгын аткаруу боюнча Токмок №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин күтүүсүздөн текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кудайберген Базарбаев азык-түлүк сактоочу кампаны текшерип, мекеменин кызматкерлери жана бейтаптары менен жолугушту.

Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Искра айылында жайгашкан. Мекеме 18 жаштан жогору курактагы психоневрологиялык диагнозу бар адамдарга стационарда социалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган, бүгүнкү күндө толук мамлекеттик камсыздоодо 275 кызмат алуучу жашайт.

Пикир

Оставить комментарий