• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Салык кызматы бизнес үчүн салык маселелери боюнча семинарларды улантууда

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн салык маселелери боюнча семинарларды өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кезектеги көчмө иш-чаралар Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын салык төлөөчүлөрү үчүн уюштурулду.

Семинарларга салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде жалпы салык режиминин субъекттери, ошондой эле атайын салык режиминде алгачкы каттоодон өткөндөр катышышты.

Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери салык мыйзамдарындагы жаңылыктарды түшүндүрүп, электрондук салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, ККМ-онлайн колдонуу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кеңири айтып беришти, ошондой эле семинардын катышуучуларынын көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириккен отчетту (FORM STI-161) толтуруу боюнча маалыматтык системанын практикалык көндүмдөрүнө көп көңүл бурулду.

Салык кызматынын кызматкерлери үчүн программалык модулдардын иштөө маселелери, ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү ар кандай ченемдик актылардын иштөө механизмдери боюнча окутуу жүргүзүлдү.

Буга чейин ушундай семинарлар Бишкек шаарында болуп өттү, жакынкы айларда башка аймактар боюнча да өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий