• 87
  • 90.41
  • 0.84

Келтирилген зыян 8 млн сомдон ашуун. Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "ALG" ЖЧКсы тарабынан жасалган экономикалык контрабанда фактысы боюнча Бажы кызматынын «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

УКМКдан белгилешкендей, 2021-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн Бишкекти көздөй жөнөп, "Дордой" соода базар комплексинин аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия Республикасы тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган.

Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылганын, ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 млн сомдон ашык зыян келтирилген, бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган.

Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий