• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Равшан Жээнбеков кармалып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жеткирилди, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча 2020-жылдын 9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"5-октябрдан 6-октябрьга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды. Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий