• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кемелова Кореянын Эл аралык климат жана айлана-чөйрө борборунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кечээ, 12-майда КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Эл аралык климат жана айлана-чөйрө борборунун (ICEC) Президенти Вон Тэ Юн мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KOICA аркылуу 5 млн доллардан ашык суммадагы "Кыргыз Республикасындагы климаттык кризистерге каршы аракеттенүүнүн жана потенциалды жогорулатуу менеджмент системасын түзүү" гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдык иштерин талкуулашты.

Корея тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстандын климатынын өзгөрүшүнө карата жеңилдикти эске алуу менен, долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча метеорологиялык жана экологиялык талдоо үчүн баштапкы маалыматтарды алуу, климаттык чөйрөнү баалоо ыкмаларын белгилөө жана климаттын өзгөрүшүнөн улам табигый кырсыктарга жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө каршы күрөшүү боюнча саясатты иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Долбоор ошондой эле Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча тармакты түзүүгө негиз болуп жана климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу үчүн саясатты болжолдоо, баалоо жана иштеп чыгуу үчүн адистерди даярдайт.

Өз кезегинде министрдин орун басары Кемелова корей тараптын Бишкек шаарындагы абанын булганышына байланыштуу кырдаалга көңүлүн буруп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Кемелова корей тарапка Кыргызстанда 2022-жылды – тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо, ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелери жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий