• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Башкы прокуратура Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат берди

Коом 0


Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Сирожиддин Камолидинов журналисттерге Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иштери боюнча кеңири маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, Алексей Ширшовго карата 2010-жылдын апрель айынан баштап үч кылмыш иши козголгон. Ал эми 2014-жылы бир эле кылмыш иши козголгон.

"Ага карата биринчи кылмыш иши “Дастан” ААКсынын акцияларын мыйзамсыз чыгарган фактысы боюнча, ошол кезде иштеп турган КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү менен ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) иш козголгон. Кылмыш иши 2011-жылдын 11-январында соттун кароосуно жиберилген. Ал эми экинчи кылмыш иши 2010-жылдын 30-июлунда, тактап айканда, Ширшовдун "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ААКсынын жана "Сити холдинг" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимге байланыштуу болгон. Ал болсо ошол мезгилдеги Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүп, Ширшовко айыбы угузулуп, 2010-жылдын 20-сентябрында соттун кароосуна жиберилген", - деди ал.

Сирожиддин Камолидинов үчүнчү кылмыш иши "Бишкек энергокомплекс", "Ресурсэнерго универсал", жана "Бишкекгазпроект" ошондой эле "Кыргызгаз" ортосунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишимдерге байланыштуу экендигин айтты.

"Башкача айтканда, алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу, КРнын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү деген беренелер боюнча айыбы тагылып, 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жиберилген", - деди.

Аталган үч кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан бир өндүрүшкө бириктирилип, чогуу каралган. Анын жыйынтыгында 2015-жылдын 19-январында Алексей Ширшов “Дастан” ААКсынын акцияларын мыйзамсыз чыгарган фактысы боюнча 221-берененин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган.

"Ал эми калган беренелер боюнча сот актоо өкүмүн чыгарган. Аталган өкүмгө Ширшовдун жактоочулары даттануу келтиришип, жогору турган Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-январында өкүм өзгөртүлгөн жана Ширшовго 100 эсептик көрсөткүчтөгү айып салынган", - деп кошумчалады Камолидинов.

Андан тышкары, 2014-жылы 20-июнда КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Ширшовдун Ысык-Көл районунун Чок-Таш айылында жайгашкан "Витязь" пансионатына тиешелүү болгон жерлерди, пансионаттарды, кыймылсыз мүлктөрдү улутташтырууда мыйзамсыз аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси ("Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу") боюнча иш козголуп, ошол эле жылдын 19-ноябрында соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

"2018-жылдын 9-октябрында Октябрь райондук соту Алексей Ширшовду 309-берене менен күнөөлүү деп таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазадан бошоткон. 2019-жылы Бишкек шаардык соту райондук соттун жаза дайындоо боюнча өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган", - деген бөлүм башчы бул кылмыш иштеринин баары мурдагы бийликтин убагында чечилгендигин кошумчалады.

"Азимбек Бекназаров 2010-жылдан тарта убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Андан тышкары, сот, прокуратура жана укук коргоо органдарынын координатору кызматын ээлеп турган. Анда эмне үчүн сот Алексей Ширшовго карта актоо өкүмүн чыгарганда Азимбек Бекназаров убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жана ошол мезгилдеги бийликке айтып чыккан эмес деген суроо жаралат", - деп сөзүн жыйынтыктады Сирожиддин Камолидинов.

Пикир

Оставить комментарий