Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кемин районунда жаңы күн электр станциясынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Адылбек Касымалиев, күн электр станциясынын курулушу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ал белгилегендей, өлкө совет доорунан калган ГЭСтерди пайдаланууну улантууда, бирок ошол эле учурда заманбап, экологиялык жактан таза энергия булактарын киргизүүгө умтулууда.
“Өлкөбүздүн калкынын саны 7 миллиондон ашты, жаңы ири ишканалар ишке киргизилип, электр энергиясына болгон муктаждык геометриялык жактан өсүүдө. Ошондуктан күн нурун пайдалануу менен таза энергия дүйнөсүнө жол ачып, бул күн электр станциясын курууну баштайбыз. Бул иш-чара биздин планетанын алдындагы жоопкерчилигибизди, жаратылышты сактоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын тастыктайт”, – деп белгиледи минкаб төрагасы.
Адылбек Касымалиев кытайлык өнөктөштөргө, Шэньси провинциясынын өкмөтүнө жана инвесторлорго эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле, кайра жаралуучу энергиянын эбегейсиз зор потенциалы Кыргызстанда бар экенин, аны туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн колдонуу керектигин кошумчалады.
Минкаб төрагасы ошондой эле энергетика тармагындагы Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСи жана башка ондогон чакан ГЭСтердин курулушу сыяктуу башка ири долбоорлорду да эске салды. Ал биргелешкен күч-аракет менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүү мүмкүн болоруна ишеним билдирди.
Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев курулушчуларга жана энергетиктерге долбоорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, анын ийгиликтүү аяктаарына ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек, кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат, ал эми бул күн электр станциясын курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Пикир
Оставить комментарий