• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кеминде бир адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруга шектүү ооруканага 15-майда жаткырылган.

"Ветеринардык кызматтын жана Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери менен биргеликте жогоруда аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган (эт, топурак). Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, союлган мал күйдүргү оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн. Кемин районунда күйдүргү жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 162%га аткарылган.

Кошумчалай кетсек, Кемин районунун Кароол Дөбө айылынын аймагы күйдүргү жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес.

Бүгүнкү күндө жеринде ооруга каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө, күйдүргү жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.

Министрлик учурда күйдүргү жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн Ветеринардык кызматтын резервинде 846 мин 489 доза вакцина бар экенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий