• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кеминде бир ай мурун жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан.

"Кабар" маалымат агенттигине Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес.

Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Керектүү укуктук экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий