Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кемин районунда бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үч шектүү камакка алынды.
Мекемеден билдиришкендей, Чүй областынын Кемин районунун прокуратурасы тарабынан Кызыл-Октябрь айылында спорт комплексин курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 6,3 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үч адам кармалды.
Тергөөнү жүргүзүп жаткан Кемин РИИБнин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы, мурда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген А.Т.А. (25.12.1969 ж.т.), техникалык көзөмөл боюнча адис А.Б.Б. (07.12.1963 ж.т.) жана «А.» ЖЧКсынын жетекчиси К.Н.К. (28.09.1994 ж.т.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий