• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чүйдө дайынсыз жоголгон 17 жаштагы өспүрүм изделүүдө — сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Чүйдө дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Минур Кайратбек уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Минур Кайратбек уулу 20-июлда Новопавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 см, арык чырай, чачы кара жана узун, көзү кара.

Кийими: кара түстөгү бомбер, ак футболка, жинсы шым, бутунда спорттук бут кийим болгон.

Минур Кайратбек уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар (03134) 5-33-80, 0558 86-14-86, 0554 50-78-88; 0508 91-55-91 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий