• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кеминдеги мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үйлөр курулат

Президент 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Кеминдеги мамлекетке кайтарылып алынган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү чечимди мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.

"Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет", - деди ал.

Ошондой эле Аскат Алагөзов Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштерин 2025-жылдын март-апрелинде баштарын, турак жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 353,3 га жер мамлекеттин балансына кайтарган.

Пикир

Оставить комментарий