• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«ШКУнун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.

Конвенцияда терроризмдин азыктануу катмары катары экстремизм коркунучу тууралуу алгачкы жоболор бекитилген; мамлекеттердин жана алардын компетенттүү органдарынын терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү негизги ордуна көңүл бурулган; эл аралык укукту жана БУУнун Уставын, баарынан мурда мамлекеттердин эгемендүүлүк жана тең укуктуулук принциптерин урматтоо, алардын ички иштерине кийлигишпөө зарылдыгы; экстремизм идеологиясынын бардык түрүн, көрүнүшүн, анын жайылуусун айыптоо, көпчүлүк алдында чакырыкка жана экстремисттик иш-аракеттерге азгырууга жол бербөө камтылган.

Деструктивдүү көрүнүш катары экстремизм түшүнүгү эл аралык деңгээлде алгач ирет бекемделип, анын мазмуну жана криминалдашып кетүүгө мүмкүн болгон экстремисттик иш-аракеттин негизги формалары аныкталды.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий