• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кеминдин Чым-Коргон айылында социалдык комплекс ачылды

Аймак 0


Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Бүгүн Кемин районунун Чым-Коргон айылында бала бакча менен окуу борборун камтыган социалдык комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

“Бүгүнкү жаңы ишке берилип жаткан социалдык объект келечек үчүн кызмат кылып, ар мезгилде элдин саламаттыгынын, билиминин бекем болуусуна көмөкчү болот деп, терең ишенем. Бул курулушка салымын кошкон бардык тараптарга ыраазычылык”, - деп белгиледи өз сөзүндө облус башчысы Канат Жумагазиев.

Социалдык комплекстин аймагында футбол аянтчасы, балдар аянтчасы жана окуу борбору бар, ал эми бала бакча жергиликтүү тургундардын жана алардын балдарынын ыңгайлуулугу үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мындан тышкары, Кызыл-Октябрь айылында айыл өкмөттүн имараты курулуп, ишке берилди. Жаңы административдик имарат Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Айыл өкмөттүн жаңы имаратында айыл өкмөттүн адистери, айылдык кеӊеши, муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышат.

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев бул имарат биринчи кезекте эл үчүн гана курулганын, андагы жумушчулар менен айыл өкмөт жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн иштешээрин белгиледи.

Иш-чарага Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров, Кемин районунун акими Кутпидин Шакиров, “Эмират” эл аралык кайрымдуулук фондунун мүдүрү Рахматулло Ажы жана аталган фонддун мурдагы директору Али Айоуб катышты.

Пикир

Оставить комментарий