• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кеминге 80 миң батирлүү жашыл шаар курулат – президент

Президент 0

Бишкек, 21.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Быйылкы жылдын март айынан баштап Кеминде 80 миң батирлүү жашыл шаар курула баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда көмүр жагуудан баш тартуу, жашыл шаарларды куруу боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кеминге жашыл шаар куруу үчүн болжол менен 1 млрд долларга жакын каражат Улуттук банкта турат.

“Көмүрдөн баш тартууга аракет кылып жатабыз. Жашыл шаарларды куруп баштайбыз. Ысык-Көлдөн келе жаткан жолдогу Кемин шаарында контейнер менен курчалып турган 400 гектар жерге быйылкы жылдын март айынан баштап 80 миң батирлүү жашыл шаар курулуп баштайт. Ошол каражатты жумшап, алдыдагы 3 жылдын ичинде ал жерге 9 кабаттуу үйлөрдү салып бүтүрөбүз. 9 кабаттуу үйлөр тез курулат”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий