• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кендирбаева Эл аралык мектеп директорлорунун ассоциациясынын жетекчиси менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 15.05.24./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Эл аралык мектеп директорлорунун ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперт Ари Покка менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар жолугушууда Кыргызстан менен Финляндиянын мектептик билим берүү системасы, анын ичинде мектеп директорлорунун маанилүү орду, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана алардын компетенттүүлүгүн аныктоо боюнча пикир алмашышты.

Министр учурда Кыргызстан билим берүү системасын трансформациялоо жолунда экендигин жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева эксперт Ари Покканын "Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы" китебинин кыргыз тилинде жарык көргөндүгү менен куттуктап, китепти которгон чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.

Эксперт Ари Покка билим берүү тармагында мектеп директору катары 25 жылдык тажрыйбасы бар экенин белгилеп, бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Буга кошумча китебинин кыргыз тилине которулганын кубануу менен кабыл алганын айтып, жаңы окурмандарым пайда болот деп билдирди.

Белгилей кетсек, Ари Покканын кыргыз тилиндеги "Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы" китебинин бет ачары 16-майда болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий