• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Кентавр” кыргыз тасмасы Японияда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 24.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Кентавр” кыргыз тасмасы 2018-жылдын 17-мартынан тарта Японияда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымына караганда, тасманын алгачкы бет ачаары Токиодогу артхаус байыркы Iwanami Hall кино театрында көрсөтүлөт.

Андан сырткары Койчуманова билдиргендей, 22-ноябрда режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Токиодо (Япония) эл аралык Tokyo Filmex фестивалында көрсөтүлдү. Иш-чара 18нен 26-ноябрь аралыгында өтөт.

Маалым болгондой, япониянын көрүүчүлөрдү Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл” жана “Свет аке” тасмалары менен тааныш. Анткени ал тасмалар Японияда кино фестивалдарда көрсөтүлчү.

Пикир

Оставить комментарий