• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалы Айтматов тууралуу тасма менен ачылат

Маданият 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” Эл аралык сегизинчи фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма менен ачылат. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун басма сөз катчысы Чолпон Идрисова кабарлады.

Анын айтуусунда, бул тасма Айматовдун тирүү кезиндеги документалдык кадрлардан түзүлгөн. Сценарийдин үстүндө КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмерлери Талип Ибраимов жана Артыкпай Сүйүндүков иштеген. Монтаж Марат Эргешовго таандык.

Фестиваль 12нен 15-декабрга чейин Манас кинотеатрында өтөт.

Бул жылы кинофестиваль Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган. Аталган иш-чаранын алкагында тасмалар улуттук жана эл аралык болуп эки номинацияда көрсөтүлөт. Бул жылы фестивалга 500гө жакын улуттук жана чет өлкөлүк кинематографисттерден катышуу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Улуттук сынакка 15 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 картина кирген.

Кинфестивалдын программасына бир гана көркөм тасмалар эмес, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык кинолор кирет.

Калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү кинематографисттери Рашид Маликов, Сатыбалды Нарымбетов, Александр Соломонов, Сафар Хакдодов жана Нурлан Абдыкадыровдор кирет.

Пикир

Оставить комментарий