Кепилдик фонду: 10 айда айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2,7 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында айыл чарбасын өнүктүрүүгө дээрлик 2,7 млрд сом кредиттик каражаттар берилген. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба тармагы "Кепилдик фонд" ААКнын өлкөнүн ишкерлерин колдоо боюнча ишмердигинде артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

Быйыл болгону 10 айдын ичинде Кепилдик фонду тарабынан 909 млн сомдон ашык суммага 2 миң 438 кепилдик берилген, бул айыл чарба тармагындагы ишканаларга 2,65 млрд сомдук кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.

2020-жылдан 2023-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде айыл чарбасын колдоого багытталган кепилдиктердин саны жана көлөмү жана кредиттердин көлөмү боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

- 2020-жылы Кепилдик фонду тарабынан айыл чарба тармагында иштеген ишкерлерге 221,2 млн сом суммасында 307 кепилдик берилип, 666 млн сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- 2021-жылы 1,1 млрд сомдон ашык кредиттерди камсыз кылуу үчүн 344 млн сом суммасында 350 кепилдик колдоо көрсөтүлгөн.

- 2022-жылы ишкерлер 743,9 млн сомдук 529 кепилдик аркылуу 2,3 млрд сомдон ашык суммада кредит ала алышты.

Ошентип, үстүбүздөгү жылы кепилдиктердин саны, суммасы жана берилген кредиттердин көлөмү боюнча көрсөткүчтөр рекорддук болуп саналат, ал эми айыл чарбасына багытталган кепилдиктердин үлүшү – берилген кепилдиктердин жалпы санынын 60%ы – анын "Кепилдик фонду" ААК ишмердигинде артыкчылыктуу экенин тастыктайт.

Пикир

Оставить комментарий