Кепилдик фонд Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. 1-июнда Кыргызстанда Балдарды коргоо эл аралык күнү белгиленет.

Майрамдын алдында "Кепилдик фонд" ААКнын кызматкерлери Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барышты.

Ведомстводон билдиришкендей, борбордун жетекчилигине жашылча-жемиштерди сактоочу өнөр жайлык муздаткыч шкаф тапшырылды.

«Ар бир бала үчүн сүйүү, камкордук жана көңүл бурууну сезүү маанилүү. 1-июнь биз үчүн коргоого муктаж болгондор үчүн жооптуу экенибизди эскертет”, - деди “Кепилдик фонд” ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева.

Өз кезегинде борбордун директорунун орун басары Асел Аширбаева Кепилдик фондунун жамаатына көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн бүткүл ишмердүүлүгүндө корпоративдик социалдык жоопкерчиликке өзгөчө көңүл буруп, салттуу түрдө калктын социалдык жактан корголбогон жана аялуу катмарына колдоо көрсөтүп келет.

Маалымат үчүн: Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору 4 жашка чейинки балдар ата-энесинин камкордугусуз калган мамлекеттик мекеме болуп саналат. Тарыхта жетим жана кароосуз калган балдардын баш калкалоочу жайы болуп келген

Пикир

Оставить комментарий