• 87
  • 89.68
  • 0.84

Кепилдик фонду "Кыргызстанда жасалган" программасын ишке ашырууга катышат

Экономика 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААК "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорт программасын ишке ашырууга катышат. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Буга чейин Экономика жанк коммерция министрлиги КР президентинин "Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө" жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорт программасын кабыл алган.

Документке ылайык, министрликтер жана ведомстволор, президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн аппараттары, ошондой эле КР Улуттук банкы жана Соода-өнөр жай палатасы жогоруда аталган программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

"Кепилдик фонд" ААК коммерциялык банктар, Кыргызстан банктар бирикмеси, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК, Россия-Кыргыз, Азербайжан-Кыргыз, Өзбек-Кыргыз жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонддору менен катар планды аткаруу үчүн чараларды көрөт жана квартал сайын жыйынтыктоочу маалыматты Экономика министрлигине берип турат.

Атап айтканда, Кепилдик фонду иш-чаралар планына ылайык Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, КР Соода-өнөр жай палатасы жана бизнес-коомчулугу менен бирдикте ишкананы корпоративдик башкаруу системасына көмөктөшүү жана киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрөт.

Ошондой эле фонд экспортко багытталган ишканалар үчүн кепилдиктерди артыкчылыктуу тартипте берүүгө тийиш. Экспортко багытталган ишканаларга кепилдик колдоо көрсөтүүдө буга чейин да берилген, мындан ары бул багыттагы иштер күчөтүлөт.

Мындан тышкары, бизнеси экспортко багытталган ишкерлерди колдоонун алкагында "Кепилдик фонд" ААК факторинг операциялары үчүн кепилдиктерди киргизет.

Ошентип, "Кепилдик фонд" ААК "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасынын ишке ашырууга активдүү катышат алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рынокто атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өз салымын кошот.

Пикир

Оставить комментарий